super.kg logo

"Сабаттуу жазалы" акциясынын жыйынтыгында “2” алгандардын саны 22 пайызды түздү

 

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия мамлекеттик тилди колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү, мамлекеттик тилде сабаттуу жазууга багыттоо жана сабаттуу болууга үндөө максатында өткөрүп жаткан "Сабаттуу жазалы" акциясынын жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, иш-чарага мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, жогорку окуу жайлардын, кесиптик-техникалык окуу жайларынын, мектеп жана бала бакча мугалимдери катышкан. Жалпы жыйынтыкка караганда, бардык катышуучулардын саны 448ге жетип, анын ичинен “5” алгандардын саны - 9, пайыздык көрсөткүчү - 2, “4” алгандар - 171, башкача айтканда, 38 пайыз, “3кө” татыгандар 166 болуп, 37 пайызды түзсө, “2” алгандардын саны 102ге жетип, 22 пайызды түздү.

Биринчи жолу уюштурулуп жаткан бул акцияны коомчулук жакшы кабыл алып, депутаттардын арасында да өткөрүүнү сунуштоодо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
17.04.2015. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jyiyntyk jakshy emes.....((( Myndan ary da otkorulup tursa jana tomon baa algandardyn aylygyn kyskartyp je bir uyatkaryp turush kerek. jogorku baa algandardy maktap ozgocho syilyktar berilse jakshy bolmok....
17.04.2015. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уят! Интелегенттер ушул болсо, калгандарына соз жок
17.04.2015. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мынакей кыргыз интелегенциясынын жүзү
17.04.2015. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мугалим балам жазган дептерин текшерип озу ката кылып койгонун коруп эсим ооп калган.мугалим мектепке ушак угуу учун барабы.
18.04.2015. 09:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындайлар азыр кобойду,Элтрден кордум жогорку кенештин депутаты дегенди туура жазбай дерутаты деп кайра кайра чыгарды,ал жерде кандай эмелер иштейт билбейм.
18.04.2015. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Депутаттарды жон эле койгулачы байкуштарды эптеп трибунада суйлоп жургондоруно ыраазы бололу а то баары эки алып калса кыргыз Эли биз эле уят болобуз алар учун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: