Бишкекте алдамчылыкка шектелген эки жаран кармалды
Бишкекте алдамчылыкка шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 35 жаштагы С.Ч. аттуу аял кайрылган. Анда ал чала тааныш эки адам ишеничине кирүү менен 1000 доллар алышып, дайынсыз жок болуп кетишкенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары Чүй облусунун эки тургуну кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:27
2025-07-01
8:26
2025-07-01

17:27
2025-06-30

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.