Нарында жер көчкү жүрдү (фото)







Кечээ, 17-апрелде саат 17:20 чамасында Арал - Миң-Куш унаа жолунун 33-чакырымында Миң-Куш айыл аймагынын Кызыл-Сөөк тилкесинде болжол менен 460 миң куб метр жер көчкү түшкөн. Унаа жолу бир тараптуу жабык. Бул тууралуу 18-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Маалым болгондой, натыйжада Миң-Куш суусун жер көчкү толук бөгөп калуу коркунучу пайда болгон. Унаа жолунун бир тарабынын 60 метрдей аралыгын суу жеп жатат. Окуя болгон жерде транспорт кызматынан 1 жүктөгүч иштеп жатат. Жер көчкүнүн жылуу процесси активдешүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
-1

Кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
fara2503 - эскертүү!
Жеке айтышууларга жол берилбейт.