Ошто 4 жашар баланы сүзүп алган айдоочу убактылуу кармоочу жайга камалды
Ош шаарындагы Ленин көчөсүндө 4 жашар баланы сүзүп алган айдоочу убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Бул тууралуу 18-апрелде SUPER.KG порталына Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди. Анын айтымында, 4 жаштагы бала кырсык болгон жерден каза тапкан. "Окуя 17-апрель күнү саат тогуздар чамасында болгон. Айрым маалымат булактары "айдоочу кырсык болгон жерден качып кеткен" деп жазып жатышат. Күнөөлүү адам эч кайда качпай эле, баланын ата-энесине жардам берип жүргөн. Учурда айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери башталды",- деди Сыдыков.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Жаш бала эч нерсени корбой
кетээ берди.Баланын ата-энеси колунан эле жетелеп
алса болмок экен.
Жаткан жайы бейиште болсун.