Кыргыз мушкери Өмүрбек Малабеков Дүйнөлүк бокс серияларында орусиялык мушкерге утулуп калды






Өмүрбек Малабеков

"Украиналык атамандар" клубунун беттеш өткөргөн 5 мушкери

Өмүрбек Малабеков атаандашы Владимир Никитин менен

Өмүрбек Малабеков атаандашы Владимир Никитин менен

"Украиналык атамандар" Орусия курама командасына каршы

"Украиналык атамандар" клубунун өкүлдөрү
17-апрелде Украинанын Киев шаарында Дүйнөлүк бокс сериясынын 13-турунда “Украиналык атамандар” клубу Орусия курамасына каршы турду. Айыгышкан кармашта украиналыктар 5 беттештин үчөөсүн утуп, командалык эсепте жеңишке жетишти (3:2 эсебинде). Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка ылайык, бул күнү рингге 56 килограмм салмакта украиналык клубдун желеги астында кыргыз мушкери Өмүрбек Малабеков да чыкты. Ал 56 килограмм салмакта Олимпиаданын жолдомосуна талапкерлердин бири Владимир Никитинге каршы турду. Беттеш айыгышкан мүнөздө жүрүп, жыйынтыгында калыстар жеңишти орусиялык мушкерге ыйгарышты. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.