Ош. Бүткүл дүйнөлүк театр күнүнө карата эмгеги сиңген театр кызматкерлерине грамоталар берилди


















Ош шаарында Бүткүл дүйнөлүк театр күнүнө карата эмгеги сиңген артисттерге Ардак грамоталар берилди. Муну бүгүн, 20-апрелде мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, салтанаттуу иш-чара Бабур атындагы Ош академиялык музыкалык драма театрында өткөрүлдү. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жана КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин мурунку башчысы Султан Раев катышып, искусствого кошкон салымы үчүн эмгеги сиңген артисттерге Ардак грамоталар тапшырылды. Ал эми Ош академиялык музыкалык драма театрынын жетекчиси Бахтияр Тухтаматовго “Эргүү” сыйлыгы ыйгарылды.
Иш-чара театрдын чыгармачыл жамааты даярдаган концерттик программа менен аяктады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:26
2025-08-04
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.