super.kg logo
  Саясат  

АКШдан "Манас" аэропортуна түшүрүлүп, шек жараткан 152 тонналык жүк боюнча маселе Жогорку Кеңештин комитетинде каралат

 
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин 20-апрелдеги жыйынында АКШдан "Манас" аэропортуна түшүрүлүп, шек жараткан 152 тонналык жүк боюнча маселе каралат. Мындай чечим депутат Майрамкан Кадырбекованын сунушу менен кабыл алынды. Маселе жабык эшик артында каралмакчы. 
Эскерте кетсек, буга чейин кыргыз жериндеги орус басылмаларынын бири Украинанын учактары аркылуу АКШдан “Манас” аэропортуна эки ирет белгисиз жүк түшүрүлгөнүн жазып чыккан. Андан кийин Орусиянын маалымат булактары дипломатиялык жүктү шектүү деп атап, “АКШ кыргыз мамлекетинде Украинадагыдай революция кылууга даярдык көрүүдө” деп жарыялашты. Ал эми АКШнын кыргыз жериндеги элчилиги бул дипломатиялык жүк элчиликтин жаңы курулуп жаткан имаратына керектүү курулуш материалдары экенин айтууда. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: