super.kg logo

Адис: “Кымбат, заманбап медицина аппараттары колдонулбай, эшик тирөө үчүн же шейшеп кургатуу үчүн пайдаланылууда”

 

"Кымбат жана заманбап медицина аппараттары колдонулбай, эшик тирөө үчүн же шейшеп кургатуу үчүн пайдаланылууда". Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде маалымат жыйынында КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин консультанты Бермет Барыктабасова билдирди. Анын айтымында, өлкөбүздүн аймактык ооруканаларында баасы 200-250 миң долларлык медицина жабдыктары жөндөн жөн жок болуп жатат.

Учурунда гранттык негизде заманбап медициналык аппаратуралар келип, бирок аны иштетүү боюнча адистер окутулбай калган. Мунун айынан алар каптамасынан да чыгарылбай, кээ бир учурларда туура эмес иштетилип калгандары бар. Эң кейиштүүсү, бул жабдыктар билгендердин колуна тийгенде канчалаган адамдарга туура диагноз коюлуп, туура дарыланышмак. Азыр болсо биздин дарыгерлер эскилиги жеткен аппараттар менен иштешет. Алардын пайдасынан зыяны көп болуп, моралдык эскирүүгө келишкен”,- дейт Барыктабасова.

Адистин айтымында, мындай катачылыктарга эч ким жооп бере элек. Анткени бул фактыларды кылмыш деп бир да орган тааный элек.

Ал арада бирин-экин адисти Түркияга жиберип, заманбап аппараттарды иштетүү боюнча курстардан окутушууда. Бирок мындай практиканы иш жүзүнө келгенде студенттерден башташ керек. Бүгүнкү күндө биздикиндей эски жабдыктар менен эч ким иштебей калган”,- деди Саламаттыкты сактоо министрлигинин консультанты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: