super.kg logo
  Саясат  

Жергиликтүү соттордун судьяларын окутуу башталды

 

Бүгүн, 20-апрелде Жогорку Соттун алдындагы Судьяларды окутуу борбору биринчи жолу экинчи инстанциядагы судьялардын квалификациясын жогорулатуу үчүн комплекстик окуу программасын баштады.

Жогорку Соттун маалымат кызматынан билдиришкендей, окуу программасы материалдык жана процесстик укукту терең билүү, судьянын көндүмдөрү жана этика-деонтологиялык блокторунан турат. Окуу программасынын узактыгы күнүнө 8 академиялык сааттан 5 окуу күнүн түзөт. Окуунун соңунда модулдук тестирлөө өткөрүлүп, жыйынтыктары Судьялар кеңешинин эксперттик-окуу комиссиясына жиберилет.

Комплекстик окуу программасы төмөнкү график боюнча өткөрүлөт:

I топ: 20-24-апрель - Жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын судьялары үчүн;

II топ: 18-22-май Жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын судьялары үчүн;

III топ: 25-29-май - Административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын судьялары үчүн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: