Бишкекте сатуучу айымды балка менен башка чаап, 400 миң сомго жакын товарды уурдап кеткен жаран кармалды

Бишкекте сатуучу айымды балка менен башка чаап, дүкөндөн товарларды уурдап кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 48 жаштагы И.В. аттуу айым кайрылган. Анда ал белгисиз адам 46 жаштагы Т.Н. аттуу сатуучу аялды балка менен башка чаап, 400 миң сомго жакын товарды уурдап кеткенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 57 жаштагы К.Р. кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.