Бишкектин тургундары көчөдө кылмыштуулук күчөп кеткенин дагы бир ирет шаар бийлигинин эсине салышты




Бишкектеги 7-кичи райондун жашоочулары Октябрь районунун бир катар мекемелеринин жетекчилери менен №20-мектеп-гимназиясында жолугушуу өткөрүштү. Анын жүрүшүндө жергиликтүү тургундар жаштардын тартипсиздигине жана маданияттарынын төмөндүгүнө нааразы экенин билдиришти. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматта кабарлангандай, көчөдө кылмыштуулук күчөп кеткен. Муну жоюу максатында шаардыктар күндүз алкоголдук ичимдиктерди райондо сатууга тыюу салуу керектигин айтышты. Буга кошумча унаа токтоочу жайлардын аздыгы, короолордо мыйзамсыз орнотулган шлагбаумдар, "Орто-Сай" базарынын жанында жана ичинде туш келди жерге отуруп соода жүргүзгөндөр, алардын санитардык нормаларды бузуп жаткандары дагы чоң маселе экендиги белгиленди.
Жолугушууга келген райондун башкы архитектору Марат Жороев буга мындай деди: “Тилекке каршы, биздин кичи райондордо салынган имараттардын 99 пайызы Совет дооруна туура келет. Ал учурда архитекторлор мынча кыска убакыт ичинде унаалар азыркыдай көп болуп кетет деп ойлошкон эмес. Бул маселени көп катарлуу унаа токтоочу жайларды куруу менен чечсе болот. Бирок ага азырынча бюджетте каражат жок. Ал эми жеке куруучулар автоунаа токтоочу жайларга караганда көп кабаттуу үй салууну туура көрүшөт”.

