super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте күйүүчү майга байланыштуу айдоочулардын көйгөйү талкууланды

 
Бишкекте "Кыргыз Республикасынын аймагында күйүүчү-майлоочу материалдардын көлөмү жана коопсуздугу" деген темада тегерек стол өтүп, анда күйүүчү май ташуу жана сатуу тармагындагы көйгөйлөр талкууланды. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги билдирди. Жыйын уюштурууга айдоочулардан түшкөн арыздардын көптүгү себеп болгону, көпчүлүк айдоочулар бензиндин сапатына нааразы болуп жатышканы айтылды.  
Тегерек столдо унааларга май куюу тартиби, автоунаага май куюучу жайлардагы тейлөө, күйүүчү майлоочу материалдарды сатууга байланышкан көйгөйлөрдү чечүү маселелери талкууланды. 
Аталган агенттиктин статс-катчысы Айбек Мамыралиев айдоочу шектенген учурда бензиндин сапатын текшерүү үчүн кыймылдуу лабораторияларды уюштурууну, кардарлардын укугу бузулган учурда кайда кайрылышы керектигин көрсөткөн маалыматтык бурч түзүүнү сунуштады. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: