super.kg logo

"Ата Мекен" партиясынын мүчөлөрү Кызыл-Кыянын тургундары менен жолугуп, миграция көйгөйүн талкуулашты

 
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында "Ата Мекен" социалисттик партиясынын шаардык уюмунун конференциясы болуп өттү. Партиянын басма сөз кызматы билдиргендей, конференцияга Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев, депутат Бактыбек Калмаматов, Орусия Федерациясындагы аймактар аралык кыргыз мамлекетинин эмгек мигранттарынын коомдук кыймылынын төрагасы Алишер Мадамбеков, партиянын Кызыл-Кыя шаардык уюмунун координатору Айдар Жоробеков жана партиянын 200дөн ашуун мүчөлөрү, 100дөн ашуун коноктор катышты.

Конференциянын жүрүшүндө партия лидери өлкө аймагындагы саясий кырдаалга токтолсо, Бактыбек Калмаматов "Ата Мекен" жаштардын партиясына айланып бара жатканын белгиледи. Мигранттар туурасында сөз сүйлөгөн Алишер Мадамбеков "Ата Мекен" партиясы тарабынан сунушталып жаткан мигранттар жөнүндөгү мыйзам долбоорун кубаттап, бул мыйзам долбоору аркылуу 100 миңдеген мигранттын көйгөйү чечиле тургандыгын маалымдады.

Конференциянын соңунда партия лидери шаардык уюмдун активдүү мүчөлөрүн, партиянын Ардак грамотасы менен сыйлады.

Белгилей кетсек, мындай конференциялар буга чейин республиканын Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарынын райондорунда өткөрүлгөн. Учурда жолугушуулар өлкөнүн башка аймактары боюнча уланып, "Ата Мекен" социалисттик партиясынын республикалык курултайына даярдыктар кызуу жүрүүдө.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
21.04.2015. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Башка партияларга караганда Ата Мекен партиясы иштеп жатат. Аты жыты чыкпаган депутаттардын барынан жогу. Айына 100 миңдеп айлык алып, мурдун чукуп отурган депутаттар канча? Ал эми Текебаев айрымдарга караганда корунуктуурок иш алып баратат
21.04.2015. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
"Демократия жана жарандык коом коалициясы" Омурбек Текебаевди эн коп жана эн пайдалуу мыйзамдарды жазган деп тааныды. Алардын ичинде мигранттардын укугун коргоочу мыйзам долбоору салмактуу орунга ээ. Ал эми Текебаевди көрө албаган "бузуку" сөрөйлөр үчүн мындай кадамдар жагымсыз таасир калтырат.
21.04.2015. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Жакшы депутаттар деле укук коргоочулар деле коп.болбосо кыргызстан чачыранды болуп кетмек!жакшы жаман жанма жан журушот ?ошого мамлекет онукпой ортодо турат эми озун корсотоюн дегенди тушуруп коюшат кайра жардам бериштин ордуна!Бакиев Кадыржандарды кайра алып келген менен пайда жок андан коро азыргы ичте отургандар кадыржан бакиевдерге окшобой биримдикде арекет кылуусу керек!
21.04.2015. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул беш жылдыкта тактап айтканда V-созывда Ат-Мекен партиясы эн жакшы иштеди муну боюнга алыш керек.Канча жылдан бери бул партияга фанат болуп келем. Башка олигархтар толгон партияларга салыштырмалуу мыйзам чыгаруу манилуу маселелерди которуудо Ата-Мекен партиясынын салымы зор. Келе жаткан шайлоодо Алла буйруса дал ушул партияга добушумду берем. Бар болгула!!!
21.04.2015. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ата-Мекен анын ичинде О.Текебаев, мен бул инсанды сыйлайм. Кучтуу политик, президент болсо козго корунуктуу иштер жасалмак. Мага кошулгандар коп эле деп ойлойм, кошулбагандар унчукпай эле койунуздар.
22.04.2015. 08:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Текебаев кыргызга куйгон бирден бир адам.Чындык учун эч нерседен тайманбайт.Эч качан бийликке кошоматчы да болгон жок.Келечектеги президент.
22.04.2015. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
magnat1013 - эскертүү!
Кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: