super.kg logo
  Саясат  

Абдырахман Маматалиев Ички иштер министрлиги бейөкмөт уюмдар менен тыгыз иштешип жатканын айтты

 

Бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңештин Коррупцияга каршы аракеттенүү жана Коргоо, коопсуздук боюнча комитеттеринин биргелешкен жыйынында вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев өкмөттүн 2014-жылда аткарган иштери тууралуу отчёт берип жатат.

Анын айтымында, Ички иштер министрлиги бейөкмөт уюмдар менен тыгыз мамиледе иштешүүдө. "Былтыр бейөкмөт уюмдардын катышуусунда ИИМди реформалоо боюнча үч отурум өткөрүлгөн. Ички иштер тармагында коррупция менен күрөшүүгө арналган бир топ тренингдер, семинарлар уюштурулган. Жыйынтыгында буга чейин бизди сынга алып жүргөн бир уюм жакында ИИМ тууралуу жакшы отчёт жазып чыгарды. Ошентип, мындай иш-аракеттерди бир гана борборлордо эмес, аймактарда өткөрүүнү пландап жатабыз",- деди Маматалиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: