super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин тийиштүү комитети өкмөттүн 2014-жылкы иши жөнүндө премьер-министрдин отчётун жактырды

 

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин 20-апрелдеги жыйынында өкмөттүн 2014-жылкы иши жөнүндө премьер-министрдин отчёту угулду. Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев былтыр кыргыз мамлекетинин экономикасында орун алган кыйынчылыктарга токтолуп, өкмөттүн аларды чечүү жаатында жетишкен ийгиликтери менен кетирген кемчиликтерин атады.

Жыйында өкмөттүн азыркы курамынын ишине бир катар сын-пикирлер айтылды. Депутат Сайдулла Нышанов Мамлекеттик ветеринардык инспекциянын азыркы жетекчисинин маселеси ушул кезге чейин чечилбей жатканын айтты. Жыйынтыгында комитет премьер-министрдин отчётун жактырып, Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгуу чечимин кабыл алды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: