super.kg logo
  Саясат  

Токтогул ГЭСин кубаттандырууга 110 миллион доллар бөлүү демилгесин тармактык комитет 3 окууда жактырды

 

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинде бүгүн, 20-апрелде кыргыз мамлекети менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Токтогул ГЭСин калыбына келтирүүнүн II фазасы" долбоорун каржылоо жөнүндө" ратификациялык мыйзам долбоору каралып, дароо үч окууда жактырылды.

Долбоор өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгына карай жасалган кадамдардын бири экени айтылды. 

“Токтогул ГЭСинин жабдуулары 40 жылдан бери алмаштыруусуз иштеп келгендиктен, техникалык жактан эбак эле эскирип бүткөн. 2012-жылы калыбына келтирүүнүн I фазасын ишке ашыруу багытында 55 миллион доллар гранттык жана насыялык каражат алынган. Анын II фазасында ГЭСтин 2 агрегаты, III фазасында дагы 2 агрегаты алмаштырылат. Учурда 4 агрегат 1200 мегаватт электр кубатын иштеп чыгып жатса, оңдолгондон кийин анын кубаты 1440 мегаваттка чейин жетет",- дейт энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Айбек Калиев.

Депутаттар насыяны өз багытында жана эффективдүү пайдалануу талабын коюшканын билдирет ЖКнын маалымат кызматы. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: