super.kg logo

Бишкекте жарнамалардын туура жазылышы боюнча жыйын өттү

 

КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия көрнөк-жарнак маселелери боюнча жыйын өткөрдү. Жыйынга КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Медербек Аким уулу, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын котормо бөлүмүнүн кызматкерлери жана Бишкек шаардык мэриясынын мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси, Бишкек шаарынын 4 районунун тил адистери, райондук соода бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Бишкек шаардык монополияга каршы күрөш кызматынын өкүлдөрү катышып, жарнама маселелери боюнча сүйлөшүү жүрдү. Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын котормо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Б.Айтиевдин билдирүүсүнө караганда, сырткы жарнамалар тартипке келип калды. Ал эми ички көрнөктөр көйгөй жаратууда. Өзгөчө соода борборлорунун ичиндеги жазуу-сызуулар мыйзамга туура келбеген учур көп болуп жатканын билдирип, жөнгө салуу иштерин чогуу жүргүзүүгө чакырды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: