super.kg logo

"Ата Мекен” партиясынын Чүй райондук бөлүмүнүн конференциясы өттү

 

“Ата Мекен” партиясынын Чүй райондук бөлүмүнүн конференциясы болуп өттү. Райондун аймагындагы 10 айыл өкмөтүндөгү 30 айылда 47 миң калк жашайт. Райондогу 12 айылдын башчылары "Ата Мекен" партиясынын мүчөлөрү болуп эсептелет. Айыл эли негизинен мал чарбачылыгы, дыйканчылык менен алектенет.

Элдин алдында эсеп-чотун берген партиянын райондогу координатору Эсенаман Аликеев артта калган 5 жыл аралыгында аткарылган иштерге токтолду. “Ата Мекен” парламенттик фракциясынын депутаттарынын жардамы менен райондогу Он-Бир-Жылга орто мектебинин курулушуна 6 миллион сом каражат бөлүнгөнүн айтып, райондун аймагында таза суу киргизүү багытында дагы алгылыктуу иштер жүрүп жатканын баса белгиледи. 300дөн ашуун делегат катышкан бул конференцияда мамлекетибиздеги саясий-экономикалык абал, партиялык түзүлүштүн өйдө-ылдыйы туурасында кеп козголду.
“Ата Мекен” партиясынын принциби чынчылдык, акыйкаттуулук, мыйзамдуулук экендиги баарыбызга белгилүү. "Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы" уюмунун изилдөөлөрү боюнча партиянын лидери Өмүрбек Текебаев эң көп мыйзам чыгарган депутат катары таанылды. Бул баарыбыздын ийгилигибиз. Биздин мындан аркы максатыбыз - мамлекеттин, элибиздин кызыкчылыгын көздөгөн мыйзамдарды жаратуу менен өлкөбүздү алдынкы мамлекеттердин катарына кошуу. Биз саясий, социалдык оор кырдаалдардан суурулуп чыктык, мындан ары өнүгүү жолуна түшүшүбүз зарыл, мында сиздердин, урматтуу шайлоочулар, салымыңыздар болуш керек",- деди иш-чарага катышкан Жогорку Кеңештин вице-спикери, "Ата Мекен" парламенттик фракциясынын депутаты Асия Сасыкбаева.
Чүй районунун калкы шайлоолорго активдүү катышып, дайыма биринчи орунга жетишкендигин депутаттар Туратбек Мадылбеков, Наталья Никитенколор белгилешти. Ошондой эле улуттар аралык ынтымак, жалпы элдин биримдиги күздө өтүүчү парламенттик шайлоолордун таза өтүшүнө шарт түзөрү айтылды. Конференциянын жыйынтыгында активдүү “ата мекенчилерге” партиянын Мактоо баракчалары тапшырылып, партиянын Чүй облустук конференциясына делегаттар шайланды. Ал эми 25-апрелде мындай конференция Кемин районунда өтмөкчү.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: