Москвадагы форумда кыргыз мигрант аялдары оор жумуштун айынан кош бойлуу болуудан коркушары айтылды







Москва шаарында кыргыз мигрант аялдарынын көйгөйлөрүн талкуулаган эл аралык форум өттү. Муну бүгүн, 20-апрелде КРнын Орусиядагы элчилигинен билдиришти. Маалым болгондой, иш-чара “Асылзат” демилгечи тобунун аракети менен өткөрүлдү. Форумдун жүрүшүндө белгилүү болгондой, былтыркы жылдын аягына карата кыргыз өлкөсүнүн 200 миңдей аялзаты Орусияда жүрөт. Алардын жашы 17-60ка чейин. Көпчүлүк айымдар балалуу болгонго жарактуу жашта, бирок оор жумуштун айынан кош бойлуулуктан коркушат. Ошондой эле эмгек мигранттары толук кандуу медициналык жардам ала алышпайт, мындан улам ар кандай өнөкөт оорулардын пайда болушуна алып келип жатат.
Дагы бир маселе - бул эмгек мигранттарынын балдары. Өз мекенинде калгандары ата-энесинин мээриминен ажырап, тууган-уруктардын колунда чоңоюшат. Көп учурда мындай балдар каралбай калып, кээде чоңдор тарабынан зордук-зомбулукка учурап жатышат. Ал эми ата-энеси менен Орусияда жашап жүргөндөрү бала бакча, мектептерге барууга баарынын эле мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан, көп убактысын төрт дубал ортосунда өткөрүүгө мажбур.
Мындан улам аталган маселелерди чечүүдө эки өлкөнүн тең мамлекеттик органдарынын комплекстүү жардамы керектиги форумдун катышуучулары тарабынан айтылды.

үй-бүлө бузулуп жатат, балдар каралбай, тарбия албай, мээрим көрбөй, кор болуп калышууда, канча кыздын тагдыры талкаланууда, кылмышка, кырсыкка кабылгандар канча, ден соолуктан ажырап ж.б.
Өз элибизде деле жашоо өтүп жатат го, келсеңер эле жакшы болмок, же үй-бүлөнүн сакталышы, балдардын жаныңарда болушу үчүн абадан аракет кылышыңар керек.Бири ал жакта, бири бул жакта болгондо кантип үй-бүлө сакталат...