Эшек союу менен алектенген ишкананын жетекчисине козголгон кылмыш иши сотко жөнөтүлдү

Эшек союу менен алектенген "Кайтал" ишканасынын жетекчиси Алмаз Такырбашевге козголгон кылмыш иши сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кылмыш иши март айынын башында “мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзүү” беренеси боюнча козголгон.
Айта кетсек, буга чейин эшек сойгон ишкананын өкүлдөрү 605 эшек союлгандыгын билдиришкен. Алар эшектин эттерин, ичеги-карындарын жана терисин чет өлкөгө экспорттоого даярдаганын айтып чыгышкан.
Үстүбүздөгү жылдын 24-февралында Чүй облусундагы Ак-Жол айылында эшектер союлуп, алардын эттери Бишкектеги чайканаларга таратылып жатканы айтылып, коомчулукта чоң талкуу жараткан эле.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
-1

Чынгыз Назылбеков
27 Февраль ·
Эки күн эшек болду "жактыларың"
Эт жебей, эсим кетип, ачты карын.
Колунан мындан башка эмне келмек?
Өздөрү эшек болсо "жакшыларың"
Өздөрү эшек болсо башчыларың,
Өңдөнүп эл деп ашык атчууларың.
Таң калбайм, суудан курук чыгып кетсе-
Эртеге эшек этин сатчууларың.
Себеби, эшек этин сатчууларың,
Эртеңки чет өлкөгө каччууларың.
Анткени жыйырма беш жыл тарыхыңда,
Кылганы ушул болчу башчыларың.
Жегенди, коррупцияны бир- бирине,
Үйрөтүп кеткен ошол- "баштууларың"
Кемсинтип, мазактоого тыюу салынат.
Бул Пиардан кийин коптогон кафелер, колбаса цехтери банкротко учурашты, ошолордун чыгымын толоп берсин.
Чет элдик туристтердин келуусун токтотту, ошону да толосун.
Кыргызстан ЕврАзЭСке эт экспорттоону пландап аткан. Кырг.ндын эти киргизилбей турган болду. Аны да толосун.
Сиздин айтканыңызды аткарышса кана....
Тилекке каршы биздин өлкөдө "жазалоо","адилеттүүлүк"деген нерселер эшектерден мурун эле,алда качан өлгөн!