Сузакта каралбай, оор абалда калган эски мектепте 315 окуучу билим алууда




Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Сафаровка айылындагы Шамши Базарбаев атындагы мектеп оор абалда. Авариялык абалдагы мектепте учурда 315 окуучу билим алууда. Булар 8-9-10-11-класстын окуучулары. Ал эми калган класстардын окуучулары (153ү) коңшу айылга каттап окушат.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Аталган мектептин директору Сражидин Исмаилов 20-апрелде SUPER.KG порталына буларды билдирди: "Бул мектеп 4 корпустан турат. Биринчиси 1985-жылы курулса, экинчи жана үчүнчү имараты 1987-жылы, төртүнчүсү 1997-жылы курулган. 1-корпуста окууга 2005-жылы тыюу салынып, жабылган (сүрөттөгү). 4-корпус 2012-жылы жабылган. Ал эми 2-3-корпуста билим алуу уланып жатат. Окуучулар батпай калган учурда мектептин ашканасында окушат".
Мекеме башчысы 2015-2016-окуу жылына жаңы мектеп салынбаса, окуу процесси токтотуларын кошумчалады. "Мектептин абалы менен бир нече депутат таанышып кеткен, бирок натыйжа жок. Жаңы имарат куруу үчүн 2014-жылдын бюджетине киргизилгени жаткан, болбой калды. 2015-жылдын бюджетине да аракет кылдык, "бюджетте акча жок" деген жооп алдык. Кийин кайра "балдар интернаты менен мектепти бириктирип салып берели" деп жооп кылышты. Бирок буга ата-энелер макул болбой коюшту. Балдар эски мектепте билим алуудан коркушат, айрым учурларда ата-энелер кооптонуп балдарын сабакка жиберишпейт. Акыркы убакта 2-3-корпустарда да билим берүүгө болбой калды. Жаңы имарат салынбаса, 2015-жылдын сентябрь айынан тарта бул корпуста окуу процесси токтотулат",- деди Исмаилов.
Айта кетсек, буга чейин SUPER.KG`нин окурманы "ЭЛДИК КАБАРга" аталган мектептин сүрөтүн тартып, окуучулар ашканада окуп жатканына тынчсызданып кабар жөнөткөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(9)
meli12

20.04.2015. 18:37
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ой ужас ушу да мектеппи сарайдан да жаман го Сузактын чондору каякты карап отурушат
Ajar.

20.04.2015. 18:51
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жылы боюнча алганда өтө деле эски эмес экен (1985, 1987, 1997). Анткени мындан да эски имараттар бар да. Бул мектепти же начар салышкан, же жакшы карашкан эмес. Болбосо 97-жылкы мектеп жаңы эле мектеп да.
Byshakov

20.04.2015. 22:49
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ajar.,1997-жылы эски сарайды мектеп кылып ондошкон. А.Акаев озу келип ачкан.
BAYAW-KG

20.04.2015. 20:37
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин Баул айылынын мектеби 1932-жылы салынган ото эле коп убакыт болду.
bossmos7

20.04.2015. 20:40
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айылдын аты даагы орусча турбайбы !Капырай де.) Алмаштыруу керек!!! Ошого казынадан каражат болунбой жаткандыр?
bossmos7 түзөттү 2015-04-20 20:41:04
mersedes2013

20.04.2015. 20:43
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айылынарда бай адамдар коп ошолор деле спонсор болуп куруп койушса болот мамлекет качан жардам берет деп отура бербей мамлекет качан еле жардам берип журду еле бербейт
jamilya03

20.04.2015. 20:52
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир нече депутат дебей аты жонун толук жазбайсынарбы кимдер гелип горуп кетип кайдыгер карашканын эл билсин кандай депутат шайлап алгандарын билишсин
pandi_panda

21.04.2015. 13:15
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суроттогу Мектеп 1980-жылы курулан.Бут окуу имараттары ашар жолу менен курулгандыктан ушундай абалга келди.Мурдагы тамеки сарай болгон экен ошону 1997-жылы реконструкциялап койгон
pandi_panda

21.04.2015. 13:25
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2014-жыл мектептин директору ушул маселе боюнча О.Текебаев, Г.Садырбанова, У.Нуркулов, Б.Торобаев, Т.Никитенко, М.Бакировго, К.Ташиевке, А.Режевалиевге, Т.Зулпукаровко, А.Жээнбековдорго кайрылган жана томондогу депутаттар мектептин абалы менен келип таанышып кетишкен ошондой эле Сафаровка айылынын тургундарына жаны мектеп куруп беребиз деп соз беришкен бирок азыркы убакытка чейин жыйынтык жок.
Модератор admin_portal түзөттү 2015-04-21 13:55:08
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.