Барак эксклавына жер семирткичтер менен үрөндөр жеткирилди

Барак эксклавына жер семирткичтер менен үрөндөр жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-мартындагы буйругунун негизинде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 6 даана оор жүк ташуучу унаа 2015-жылдын 19-апрелинде саат 10:14тө Өзбек Республикасынын аймагында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Барак эксклавына жөнөп, 15 тонна 700 килограмм минералдык жер семирткичти, 16 тонна 100 килограмм арпа үрөнүн жеткиришти. Ал эми 20-апрелде ал жердеги жергиликтүү калктын 47 тонна 964 килограмм жүгөрүсүн, 19 баш кара малын, 50 баш коюн, 2 даана тракторун жүктөп кайтышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.