super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков Кувейт эмиринин кеңешчиси Абдаллах Матуук аль-Матуук менен жолугушту

 
Асылбек Жээнбеков менен Кувейт эмиринин кеңешчиси Абдаллах Матуук аль Матууктун жолугушуусу

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 20-апрелде Кувейт эмиринин кеңешчиси, гуманитардык маселелер боюнча БУУнун Башкы катчылыгынын атайын кичи элчиси Абдаллах Матуук аль-Матуук менен жолугушту. 

Жээнбеков Кувейт менен эки тараптуу мамиле акыркы жылдарда байкаларлык күч алганын, жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик реформалардын ийгиликтери жана кыргыз мамлекетин туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу боюнча өлкө жетекчилигинин аракетин белгиледи. "Кувейттин жарандары үчүн визасыз режим 60 күнгө чейин жарактуу болот. Бул эки тараптуу экономикалык байланыштарды күчөтүү максатында жасалган. Биз Кувейт инвесторлорунун кыргыз жериндеги инвестициялык долбоорлорго катышуусуна кызыкдарбыз",- деп билдирди Жээнбеков.

Абдаллах Матуук аль-Матуук кызматташтыкты кеңейтүү, анын ичинде кыргыз өлкөсү менен Кувейттин ортосундагы экономикалык байланыштарды күчөтүү тууралуу ойлорун айтты. Кыргыз мамлекетинен Кувейтке түз аба каттамын ачуу зарыл экенин белгиледи. Кыргыз мамлекетинде Кувейттин элчилигин ачуу пландалып жатканы айтылды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: