super.kg logo
  Саясат  

Президент Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлү Абдаллах Матуук аль-Матуукту кабыл алды

 

Президент Алмазбек Атамбаев эмирдин кеңешчиси, Эл аралык "Ислам" кайрымдуулук уюмунун төрагасы, Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысынын гуманитардык маселелер боюнча атайын өкүлү Абдаллах Матуук аль-Матуукту кабыл алды. Бул тууралуу 21-апрелде президенттик аппараттан билдиришти. 

Абдаллах Матуук аль-Матуук Алмазбек Атамбаевге Кувейт мамлекетинин эмири Сабах аль-Ахмед аль-Жабер ас-Сабахтын ыраазычылык сөздөрүн жеткирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Кувейт мамлекетинин ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн перспективасы талкууланды.

Мамлекет башчы Кыргыз Республикасынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып, өлкө үчүн приоритеттүү мааниге ээ болгон экономиканын келечектүү багыттарына токтолду. Ошондой эле кыргыз жеринде түрдүү бизнес жана социалдык долбоорлорду каржылоо үчүн Кыргыз-Кувейт инвестициялык фондун түзүү маселеси талкууланды.

Жолугушуунун аягында Алмазбек Атамбаев менен Абдаллах Матуук аль-Матуук эки өлкөнүн кызматташтыгынын зор потенциалын жана эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүгүн белгилешти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: