super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин депутаттары сыртка ташылып кетип жаткан алтын кенине экспорттук бажы алымын киргизүүнү демилгелешти

 

20-апрелде Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде депутаттар тобу тарабынан сунуш кылынган “Кыргыз Республикасынын аймагынан ташылып чыгарылуучу товарларга (экспорттук) бажылык алымдардын ставкасын белгилөө жөнүндө” мыйзамдын долбоору каралып, анын концепциясы биринчи окууда жактырылды.

Мыйзамды сунуш кылган депутаттардын бири Мирлан Бакировдун айтымында, баалуу металл кендерин чет өлкөгө ташып кетип иштетүү жылдан-жылга күчөп барат, ошондон улам аларга бажы алымын киргизип, мамлекеттик казынаны толтуруу зарылчылыгы бар. “Мисалы, 2014-жылы Казакстан менен Кытайга чыгарылып кеткен алтын кенинин көлөмү 4 миң тоннадан ашты. Биз 2015-жылы 15 пайыз бажы алымын киргизүүнү, ал эми 2016-жылы аны 20 пайызга чейин көтөрүүнү сунуш кылдык. Бул мыйзам кабыл алынса, бюджетке кошумча каражат түшө баштайт”,- дейт ал.

Экономика министринин орун басары бул мыйзам долбоору бажы тарифтери жөнүндөгү мыйзамга каршы келерин, иштеп жаткан мыйзамга ылайык, экспорттук бажы тарифин аныктоо өкмөттүн ыйгарым укуктарына кире турганын билдирди. 

Жыйынтыгында демилгечилерге экинчи окууга чейин өкмөт менен позицияларды такташып, комитеттин кароосуна бирдиктүү чечим менен келүү тапшырылды. Андан сырткары мыйзам долбооруна карата өкмөт өз корутундусун берүүгө тийиш.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: