Мэр Бишкекте оңдоло турган 87 көчөнүн тизмесин жарыялады (тизме)



Бишкекте ушул апта ичинде бир катар көчөлөрдүн тешилген жерлерин бүтөө иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу шаардын мэри Кубанычбек Кулматов социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты. Анын айтымында, бул оңдоо иштери мындан эртерээк башталмак.
“Жумуштардын кечиктирилиши аба ырайына гана байланыштуу эмес. Тилекке каршы, Капиталдык курулуш башкармалыгы көчөлөрдүн тешилген жерлерин бүтөө иштерин жүргүзүү боюнча тендерди кеч баштаган. Учурда оңдоп-түзөө иштери эмне себептен кечиктирилгендиги териштирилүүдө”,- деди мэр.
Оңдоло турган башкы көчөлөрдүн тизмеси:
1. Манас кең көчөсү. Мамлекеттик резиденциядан Жибек-Жолу кең көчөсүнө чейин;
2. Чүй кең көчөсү. Лермонтов көчөсүнөн Фучик көчөсүнө чейин;
3. Абдрахманов-Байтик баатыр көчөсү. Токомбаев көчөсүнөн Аул көчөсүнө чейин;
4. Жибек-Жолу кең көчөсү. Фучик көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейин;
5. Киев көчөсү. Бейшеналиева көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейин;
6. Фрунзе көчөсү. Осмонкул көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейин;
7. Лев Толстой көчөсү. Сыдыгалиев көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейин;
8. Жаш Гвардия бульвары. Жибек-Жолунан Л.Толстой көчөсүнө чейин;
9. Горький көчөсү. Тынчтык кең көчөсүнөн Шабдан баатыр көчөсүнө чейин;
10. Юнусалиев көчөсү. Горький көчөсүнөн Сухэ-Батор көчөсүнө чейин;
11. Курманжан датка көчөсү. Чүй кең көчөсүнөн Жибек-Жолу кең көчөсүнө чейин;
12. Тоголок Молдо көчөсү. Москва көчөсүнөн Жибек-Жолу кең көчөсүнө чейин;
13. Фучик көчөсү. Москва көчөсүнөн Аска-Таш көчөсүнө чейин;
14. Москва көчөсү. Интергельпо көчөсүнөн Сүйүнбаев көчөсүнө чейин;
15. Ахунбаев көчөсү. Бах көчөсүнөн Достоевский көчөсүнө чейин;
16. Дэн-Сяопин көчөсү. Фучик көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейин;
17. Түштүк магистраль. Байтик баатыр көчөсүнөн Бах көчөсүнө чейин;
18. Ибраимов көчөсү. Чүй кең көчөсүнөн Кулатов көчөсүнө чейин;
19. Кулатов көчөсү. Ибраимов көчөсүнөн Байтик баатыр көчөсүнө чейин;
20. Элебаев көчөсү. Лев Толстой көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейин;
21. Абай көчөсү. Медеров көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин;
22. Бөкөнбаев көчөсү. Ибраимов көчөсүнөн Манас кең көчөсүнө чейин;
23. Логвиненко көчөсү. Чүй кең көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейин;
24. Бах көчөсү. Түштүк магистралдан Гагарин көчөсүнө чейин;
25. Салиева көчөсү. Курманжан датка көчөсүнөн Осмонкул көчөсүнө чейин;
26. Иваницин көчөсү. Осмонкул көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейин;
27. Осмонкул көчөсү. Жибек-Жолунан Чүй кең көчөсүнө чейин;
28. Гоголь көчөсү. Москва көчөсүнөн Иваницин көчөсүнө чейин;
29. Сүйүнбаев көчөсү. Жибек-Жолу кең көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейин;
30. Медеров көчөсү. Панфилов көчөсүнөн Шабдан баатыр көчөсүнө чейин;
31. Панфилов көчөсү. Медеров көчөсүнөн Чүй кең көчөсүнө чейин;
32. Шабдан баатыр көчөсү. Чүй кең көчөсүнөн "Мадина" базарынын өйдө жагындагы көпүрөгө чейин;
33. Каралаев көчөсү. Куттубаев көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин;
34. Шабдан баатыр көчөсү. Ахунбаев көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейин;
35. Некрасов көчөсү. Гагарин көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин;
36. Айтиев көчөсү. Сухэ-Батор көчөсүнөн Нуркамал көчөсүнө чейин;
37. Сухэ-Батор көчөсү. Каралаев көчөсүнөн Юнусалиев көчөсүнө чейин;
38. Логвиненко жана Кулатов көчөлөрү. Лев Толстой көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейин;
39. Чоң жолго кошулуучу жол тармактары Шабдан баатыр көчөсүнөн Мамбетов көчөсүндөгү №24-а дарегине чейин;
40. Исанов көчөсү. Чүй кең көчөсүнөн Жибек-Жолуна чейин;
Ленин району
1. Тыналиев көчөсү. Түштүк магистралдан Ахунбаев көчөсүнө чейин;
2. Термечиков көчөсү. Лев Толстой көчөсүнөн Гагарин көчөсүнө чейин;
3. Кожобергенов көчөсү. Көргөзмөлүк көчөсүнөн Бишкек шаарынын түштүк чек арасына чейин;
4. Турусбеков көчөсү. Жибек-Жолу кең көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейин;
5. Интергельпо көчөсү. Дэн-Сяопин көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейин;
6. Үмөталиев көчөсү. Жибек-Жолу кең көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейин;
7. Семетей көчөсү. Тынчтык кең көчөсүнөн Кожобергенов көчөсүнө чейин;
8. Жеңишке 50 жыл көчөсү. Тынчтык кең көчөсүнөн Кожобергенов көчөсүнө чейин;
9. Бах көчөсү. Гагарин көчөсүнөн Лев Толстой жана Түштүк магистраль, Семетей көчөлөрүнө чейин;
10. Айни көчөсү. Тынчтык кең көчөсүнөн Псковский көчөсүнө чейин;
Биринчи Май району
1. Малдыбаев көчөсү. Ахунбаев көчөсүнөн Тынчтык кең көчөсүнө чейин;
2. Раззаков көчөсү. Токтогул көчөсүнөн Жибек-Жолуна чейин;
3. Исанов көчөсү. Чүй кең көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейин;
4. Орозбеков көчөсү. Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек-Жолуна чейин;
5. Эркиндик бульвары. Линейный көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейин;
6. Тыныстанов көчөсү. Линейный көчөсүнөн Жибек-Жолуна чейин;
7. Щербаков көчөсү. Махатма Ганди көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;
8. Баялинов көчөсү. Тоголок Молдо көчөсүнөн М.Ганди көчөсүнө чейин;
9. Иваницин көчөсү. Абдрахманов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин;
10. Абдумомунов көчөсү. Абдрахманов көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейин;
11. Панфилов көчөсү. Ак үйдөн Жибек-Жолу кең көчөсүнө чейин;
12. Абай көчөсү. Горький көчөсүнөн Медеров көчөсүнө чейин;
13. Тоголок Молдо көчөсү. Жибек-Жолу кең көчөсүнөн Саадаев көчөсүнө чейин;
14. Токтоналиев көчөсү. Ахунбаев көчөсүнөн Ала-Арча суусуна чейин;
15. Рыскулов көчөсү. Манас кең көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;
Октябрь району
1. Чолпон-Ата көчөсү. Максим Горький көчөсүнөн темир жолдон өткөрүү жолуна чейин;
2. Малдыбаев көчөсү. Ахунбаев көчөсүнөн Токомбаев көчөсүнө чейин;
3. Рысмендеев көчөсү. Токомбаев көчөсүнөн Тынчтык кең көчөсүнө чейин;
4. Нуркамал көчөсү
5. Шабдан баатыр көчөсү. Горький көчөсүнөн тарта оңдолот;
6. Тыныстанов көчөсү. Ахунбаев көчөсүнөн Сүйөркулов көчөсүнө чейин;
7. Жукеев-Пудовкин көчөсү. Ахунбаев көчөсүнөн Кулатов көчөсүнө чейин;
8. Токтоналиев көчөсү. Ахунбаев көчөсүнөн Түштүк магистралга чейин;
9. Сүйөркулов көчөсү. Юнусалиев көчөсүнөн Каралаев көчөсүнө чейин;
Свердлов району
1. Чүй көчөсү. Ауэзов көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейин;
2. Чолпон-Ата көчөсү. Чүй кең көчөсүнө чейин;
3. Лермонтов көчөсү. Чүй кең көчөсүнөн Жибек-Жолу кең көчөсүнө чейин;
4. Калинин көчөсү. Көлбаев көчөсүнөн Салиева көчөсүнө чейин;
5. Көлбаев көчөсү. Лермонтов көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнө чейин;
6. Саадаев көчөсү. Тоголок Молдо көчөсүнөн Орозбеков көчөсүнө чейин;
7. Щербаков көчөсү. Тоголок Молдо көчөсүнөн Баку көчөсүнө чейин;
8. Баялинов көчөсү. Баку көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;
9. Үсөнбаев көчөсү. Бөкөнбаев көчөсүнөн Москва жана Жибек-Жолу кең көчөсүнө чейин, Чоң Чүй каналына чейин;
10. Күрөңкеев көчөсү. Үсөнбаев көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейин;
11. Шопоков көчөсү. Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек-Жолу кең көчөсүнө чейин;
12. Мамбетов көчөсү. Айтматов көчөсүнөн Шабдан баатыр көчөсүнө чейин;
13. Айтматов көчөсү. Чүй кең көчөсүнөн Мамбетов көчөсүнө чейин.




1 |