Барак анклавына гуманитардык жардам берилди
17-февралда өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Сооронбай Жээнбеков Кара-Суу районунун Барак анклавында иш сапары менен болду. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди. Иш сапар учурунда Барактын жашоочуларына 115 миң сом өлчөмүндө гуманитардык жардам тапшырылды. Алардын ичинде азык-түлүк, самын, ширеңке жана окуу куралдары бар. Ошондой эле жолугушууда жергиликтүү жашоочулар электр энергиясы менен камсыз кылууну жана башка көйгөйлүү маселелерди чечүүнү суранышты. Облус жетекчиси чек ара маселесин чечүүгө убакыт керектигин белгиледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

11:43
2025-06-25

Рейтинг:
0

