super.kg logo
  Саясат  

"Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча 1500гө жакын адам суракка алынып, жаңы версиялар чыгууда" дейт Мелис Турганбаев

 

"Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча жаңы версиялар чыгып жатат". Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында ички иштер министри Мелис Турганбаев билдирди.

Анын айтымында, учурда тергөө тобу аталган кылмыштын бетин ачуу боюнча иштеп жатат. "Убагы келгенде иш бүтөт. Жалпысынан 1500гө жакын адам суракка алынды. Бул маселени саясатташтыруунун кереги жок. Айрым кылмыштар 20-30 жылдан кийин ачылат",- деди Турганбаев.

Депутат Ширин Айтматова "бул маселе эч саясатташкан эмес" деп, министрдин жообун сынга алды. "Мен бир нече жолу жазуу түрүндө ИИМге малазиялык эксперттердин тергөө боюнча жыйынтыктоочу маалыматтарын сурагам. Бирок эч кандай жооп келген жок",- деди Айтматова. Министр Турганбаев "балким, эксперттер жолугушуудан баш тартышкандыр" деп жооп кылды.

Эскерте кетсек, 2014-жылдын 10-мартында 19 жаштагы студент Камила Дүйшөбаева Бишкектеги Достук кичи районундагы үйүнөн эртең менен чыгып, ошол боюнча кайрылып келген эмес. Туура бир жумадан соң, 17-мартта анын сөөгү Байтик айылынын четинен табылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: