Ош шаарында курбусун сабап, оозуна уксус куюп жиберген кыз кармалды
Ош шаарында курбусун сабап, оозуна уксус куюп жиберген кыз кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 16-январь күнү болгон. Анда 1988-жылы туулган Ж.А. курбусу менен уруша кетип, андан өч алуу максатында ур-токмокко алып, оозуна уксус кислотасын куюп жиберген. Андан соң качып кеткен. Ал эми жабырлануучу Ош облустук ооруканасына жеткирилген. Учурда кылмышка шектүү кармалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Сабап кетти, орттоп кетти, зордуктады, уурдап кетти, машина мн тебелеп кетти деген урой учурган жанылыктан башкасын окубай калдыкко.
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
Кабар Ош шаардык ички иштер башкармалыгы берген маалымат боюнча такталып жазылган.