"Кыргызтелекомдун" президенти кызматтан кетти
"Кыргызтелекомдун" жетекчиси Алмазбек Кадыркулов кызматынан кетүү тууралуу арыз жазды. Бул тууралуу 21-апрелде компаниянын маалымат кызматынан билдиришти. Маалыматка таянсак, Кадыркулов кызматтан кетүү тууралуу арызын 20-апрелде өз каалоосу менен жазган. Ал эми мекеменин Директорлор кеңеши Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун кадрлар резерви түзүлгөнгө чейин ишкананын жаңы курамына 5 талапкерди сунуш кылууда.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Айта кетсек, 8-апрелде өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевдин буйругу менен Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Дүйшөн Ирсалиев кызматынан 1 айга четтетилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:11
2025-11-10
15:14
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















