Ошто 7 миңден ашуун шаар тургундары тынчтык маршына чыгышты (фото)












Бүгүн, 21-апрелде Ош шаарында Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата 7 миңден ашуун шаар тургундарынын катышуусунда тынчтык маршы болуп өттү.
Шаардык мэриянын маалымат кызматы билдиргендей, иш-чара алгач шаардагы Ленин-Навои көчөлөрүнүн кесилишинен борбордук аянтка чейин жөө жүрүш менен башталды. Ага шаардагы бардык мекеме-ишканалардын кызматкерлери, жогорку, орто окуу жайлардын студенттери жана мугалимдери, коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана шаар тургундары катышышты.
Андан соң тынчтык маршы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскерүү менен улантылды. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Улан Примов, Орусия, Казакстандын Оштогу консулдары, согуштун жана ооруктун ардагерлери жана жөө жүрүштүн катышуучулары катышышты.
Тынчтык маршында шаар мэри бүгүнкү бейпил турмушка согуштун катышуучуларынын салымы чоң экендигин белгиледи. “Биз үчүн баа жеткис бейпил турмушту, тынчтыкты алып келүү үчүн Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде Ош шаарынан 14 621 адам чакырылып, кан күйгөн согуш талаасында 3627 жердешибиз көз жумган. Согушта ата-бабаларыбыз канын төгүп, жанын беришкен. Ошондуктан күндөн-күнгө саны азайып бара жаткан согуш ардагерлерине болгон урмат-сыйыбыз чексиз”,- деди Кадырбаев.









1 |