"Ата Мекен" партиясы облустук конференцияларды өткөрүүгө даярдык көрүүдө

"Ата
Мекен" социалисттик партиясынын райондук конференциялары аяктап, облустук конференцияларды өткөрүүгө даярдыктары башталды. Өткөн аптанын аягы менен
"Ата Мекен" партиясынын райондук бөлүмдөрүндө конференциялар болуп өттү. Анын натыйжасында Аламүдүн, Ысык-Ата, Ноокат, Лейлек, Чүй
райондорунда, Кызыл-Кыя, Токмок шаарларында партиянын облустук конференцияларына делегаттар шайланды.
кошулду
Райондордо өткөн конференцияларда залга эл жык толуп, жападан-жалгыз эл деп күйгөн партия
өкүлдөрүнө өздөрүнүн арыз-арманын, көйгөйлөрүн айтышты. Партиялык түзүлүштөгү
оош-кыйыштар жөнүндө, коомдо болуп жаткан кемчиликтер туурасында ойлор ортого
салынды. Айрыкча өлкөдөгү коррупция, жаштардын бийлик түзүмдөрүндө аздыгы,
аялдардын көйгөйлөрү сыяктуу маселелер көп көтөрүлдү.
Өлкө аймагында болуп өткөн конференцияларда
жергиликтүү көйгөйлөрдөн тартып республикалык масштабдагы маселелер, мыкты
идеялар, алгылыктуу иштер ортого салынып, аларды чечүүнүн жолдору да
сунушталды. "Ата Мекен" социалисттик партиясы эми алдыда болуучу облустук, республикалык конференцияларын өткөрүүгө кызуу даярдыктарды көрүүдө.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2023-04-29
10:47
2020-10-23
21:33
2020-10-13
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
nurzat8787

23.04.2015. 00:41
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата-мекен алга!!!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.