Министр Калыкбек Султанов кызматтан кетүү боюнча арыз жазды

Транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазды. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына өкмөттөгү өздүк булактар билдиришти. Маалымат өкмөт тараптан расмий түрдө тастыктала элек. "Султанов арыз жазгандыгы тууралуу маалыматты расмий түрдө бүгүн ырастайт",- деп билдиришти булактар.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Эске салсак, Калыкбек Султанов аталган министрликтин башчылыгына Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын квотасы менен 2011-жылдын декабрь айында келген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

