super.kg logo

Казакстандагы жол кырсыгынан каза болгондордун тизмесине өзгөртүү киргизилди

 

Казакстандагы жол кырсыгынан каза болгондордун тизмесине өзгөртүү киргизилди. Бул тууралуу 21-апрелде 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка таянсак, каза болгон деген жарандардын бирөөсүнүн документи гана ошол кичи автобус аркылуу тиешелүү адамга жиберилгени аныкталды. 

"Акыркы маалыматка ылайык, 1974-жылы туулган Эралиев Абдусамат Токтосунович Орусия Федерациясында иштеп жүргөнү аныкталды. Эралиев Абдусаматтын айдоочулук күбөлүгүн Ош шаарынан туугандары берип жиберишкен" деп айтылат маалыматта. 

Ал эми 1992-жылы туулган Эрлан Арыскуловдун (ооруканадан каза болгон) жана 1974-жылы туулган Махамаджан Амираевдин (кырсык болгон жерден каза болгон) туугандары Казакстан Республикасынын аймагында Балхаш шаарын көздөй баратышканы айтылды. 

Айта кетсек, кырсык 19-апрель күнү эртең менен саат 09:47де Жамбыл облусунун Моюнкум районунда орун алган. Анда Газель-2705 жана Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү унаа кагышкан.

Мерседес-Бенц Спринтер унаасында 19 адам (1 айдоочу жана 18 жүргүнчү) болгон, анын 14ү күйүп кеткен, калган бешөө ооруканага жеткирилген эле. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(2)
22.04.2015. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Окунучтуу.Менин оюмча пассажирский спринтер болгондо кобу аман калмак. Айнектерин сындырып болсо да чыкмак орттонуп атканда.Анык корунуп турат астынан урулган ,арт жагында жук болгон баары камалып калгандай.Жайлары жаннаттан болсун!
22.04.2015. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
akiykatchi, Туура айтасын.Арткы эшиги ачылбай калыптыр.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: