super.kg logo

Казакстандагы жол кырсыгынан жаракат алгандардын дагы бири каза болду

 

Казакстандын Моюнкум районундагы Алматы-Екатеринбург унаа жолунда болгон жол кырсыгында жаракат алгандардын дагы бири, 1993-жылы туулган Рустамбек Дарбешов 20-апрелден 21-апрелге караган түнү көз жумду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына 21-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка таянсак, Дарбешов оор жаракатынан улам Караганды облусунун Приозёрск шаарындагы ооруканадан каза болгон. Анын сөөгү бүгүн эртең менен саат ондордо жакындарына өткөрүлүп берилди. Кырсыктан жаракат алгандардын үчөөсү учурда ооруканада. Ал эми каза болгондордун бешөөсүнүн сөөгү бүгүн эртең менен кыргыз жерине алынып келинди.
Айта кетсек, кырсык 19-апрель күнү эртең менен саат 09:47де Жамбыл облусунун Моюнкум районунда орун алган. Анда Газель-2705 жана Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү унаа кагышкан.
Мерседес-Бенц Спринтер унаасында 19 адам (1 айдоочу жана 18 жүргүнчү) болгон, анын 14ү күйүп кеткен, калган бешөө ооруканага жеткирилген эле.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: