Президент министр Калыкбек Султановду кызматтан бошотту

Транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов кызматынан бошотулду. Бул тууралуу жарлыкка өлкө башчы Алмазбек Атамбаев 21-апрелде кол койгонун SUPER.KG порталына президенттин басма сөз катчысы Жанар Акаев билдирди. Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Айта кетсек, бүгүн, 21-апрелде Калыкбек Султанов кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганын өкмөттөн өздүк булактарыбыз билдиришкен эле.
Калыкбек Султанов аталган министрликтин башчылыгына Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын квотасы менен 2011-жылдын декабрь айында келген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

