super.kg logo

“Ата мекенчилер” иш сапары менен Лейлек районунда

 

Бүгүн, 21-апрелде Баткен облусуна караштуу Лейлек районунда “Ата Мекен” социалисттик партиясынын райондук уюмунун конференциясы болуп өттү. Бул тууралуу партиянын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Конференцияга Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев, депутат Бактыбек Калмаматов, Орусия Федерациясындагы аймактар аралык Кыргыз Республикасынын эмгек мигранттарынын коомдук кыймылынын төрагасы Алишер Мадамбеков, партиянын Лейлек райондук уюмунун координатору Мурат Жураев, партиянын 300дөн ашуун мүчөсү жана 100дөн ашуун конок катышты. 

Конференцияда аймактагы социалдык экономикалык маселелер, жергиликтүү экономиканы алдыга жылдыруу менен калктын турмушун жакшыртуу маселелери негизги тема болду. Партиянын аймактагы мындан аркы ишмердүүлүгүн жакшыртуу багытындагы сунуш-пикирлер талкууланды. Жыйындын жүрүшүнө күбө болгон Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 9-Май - Улуу Жеңиш күнүнө карата куттуктоо сөздөрү айтылып, акчалай белектер тартууланды. Лейлек районунан 1941-1945-жылдар аралыгында 6847 жоокер согушка аттанып, алардын ичинен 4077 атуул кан майдандан кайтпай калган. 2585 жоокер гана кайтып келген. Учурда район аймагында 47 ардагер бар. 

Белгилей кетсек, партиялык конференциялар буга чейин республиканын Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарынын бир катар райондорунда болуп өттү. “Ата Мекен” социалисттик партиясы райондук конференцияларын жыйынтыктап, облустук конференцияларды уюштуруу аракеттерин баштады. 


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
22.04.2015. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kalin466 - эскертүү!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
Колдонуучунун суранычы менен түбөлүк БАН!
Модератор admin_portal түзөттү 2015-04-22 15:49:21
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: