super.kg logo

Ош. Окуучулар арасында өткөн “Жаш жол инспектору” сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

 

Бүгүн, 21-апрелде Ош шаарында окуучулар арасында өткөн “Жаш жол инспектору” сынагы жыйынтыкталды. Анда Жолон Мамытов атындагы мектептин окуучуларынан түзүлгөн команда жеңүүчү болуп, май айында Бишкек шаарында өтүүчү республикалык баскычка катышууга жолдомо алды. Шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашкандай, 2-орунду №50-мектеп, 3-орунду №27-мектептин окуучулары багындырышты.  

Сынакка шаардагы мектептерден жалпы 11 команда катышып, жолдо жүрүүнүн эрежелерин сахналаштырып көрсөтүп, адистер тарабынан берилген суроолорго жооп берүү менен ат салышты. Жеңүүчүлөргө Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жол-кайгуул бөлүмүнүн кубогу, грамоталар тапшырылды. Сынактын негизги максаты шаардагы окуучуларга жолдо жүрүүнүн эрежелерин үйрөтүү жана аны сактоого көндүрүү болуп саналат.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: