Аба ырайына байланыштуу республиканын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу сакталат

Республиканын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүүсү мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 22-апрелден 24-апрелге чейин аба ырайынын температурасынын жогорулашына байланыштуу республиканын тоолуу унаа жолдорунда, Ош - Бишкек унаа жолунун 121-137 жана 198-265-чакырымдарында, Каракол - Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.