Президент Казакстанда жол кырсыгынан каза болгондордун жакындарына 1 миллион 800 миң сом бөлүп берди
Казакстанда жол кырсыгынын кесепетинен каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткандарга президент Алмазбек Атамбаев материалдык жардам катары социалдык коргоо жана колдоо фондунан 1 800 000 (бир миллион сегиз жүз миң) сом бөлүп берди. Бул тууралуу 22-апрелде президенттик аппараттан билдиришти.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Айта кетсек, кырсык 19-апрель күнү эртең менен саат 09:47де Жамбыл облусунун Моюнкум районунда орун алган. Анда Газель-2705 жана Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү унаа кагышкан.
Мерседес-Бенц Спринтер унаасында 19 адам (1 айдоочу жана 18 жүргүнчү) болгон, анын 14ү күйүп кеткен, калган бешөө ооруканага жеткирилген эле.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

