Испаниялык "Барселона" франциялык ПСЖны жооптук оюнда да утуп, Чемпиондор Лигасынын жарым финалына чыкты















22-апрелге караган түнү Чемпиондор Лигасынын чейрек финалындагы жооптук оюнунда испаниялык "Барселона" өз үйүндө франциялык ПСЖ клубун 2:0 эсебинде утуп алды. 2 голду тең бразилиялык чабуулчу Неймар киргизди. Бул командалардын ортосундагы алгачкы оюн да испаниялык клубдун пайдасына чечилип, 3:1 эсебинде аяктаган.
Кошумчалай кетсек, жарым финалдык оюндар үчүн чүчү кулак 24-апрелде ташталат. Алгачкы жарым финалдык оюндар 5-6 майда, жооптук оюндар 12-13-майда болот. Ал эми финал 6-июнда Берлин шаарында орун алат.
Чемпиондор Лигасы: "Барселона" - ПСЖ - 2:0
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.