super.kg logo
  Саясат  

Президент этностор аралык кагылышуулардын алдын алуу жана болтурбоо максатында иштелип чыккан мыйзамга кол койду

 

Президент Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу 22-апрелде президенттин маалымат кызматынан билдиришти. 

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 12-мартында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты - этностор аралык кагылышуулардын алдын алуу жана болтурбоо. Кабыл алынган мыйзам менен "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамдарга толуктоолор киргизилди.

Аталган максаттарда жергиликтүү мамлекеттик администрациянын компетенциясы тиешелүү аймакта этностор аралык кагылышуулардын алдын алуу жана болтурбоо иш-чараларын жүзөгө ашыруу боюнча функциясы менен толукталат.

Андан тышкары мыйзамда төмөнкүлөр каралган:

- өз убагында тиешелүү аймакта этностор аралык кагылышууларга алып келген мамилелерди жана кырдаалды жөнгө салуу боюнча компетенциясынын чектеринде чараларды көрбөсө, райондун акими (жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы) кызматынан бошотулушу мүмкүн;

- этностор аралык мамилелерди чыңдоо боюнча, ошондой эле этностор аралык кагылышуулардын алдын алуу жана болтурбоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарга берилген негизги мамлекеттик ыйгарым укуктарына кирет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: