super.kg logo
  Саясат  

"Банкроттук жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

 

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев 21-апрелде "Кыргыз Республикасынын Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Маалыматты президенттин маалымат кызматынан кабарлады. 

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 19-мартында кабыл алынган.

Мыйзам кредитордун укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону кеңейтүүгө, администраторлордун ишмердүүлүгүндөгү жоопкерчиликти жана натыйжалуулугун жогорулатууга, тартипти бекемдетүүгө, чыгымдарды азайтууга жана банкроттук жол-жоболордун ачыктыгын камсыз кылууга багытталган. Ошондой эле айыл чарба өндүрүшүндө иш алып баргандардын ушул ишмердүүлүктүн өзгөчөлүгүн эске алуу менен тараптардын банкроттугу боюнча жаңы укуктук ченемдер киргизилет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: