super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар Казакстанда жол кырсыгынан каза болгондордун жакындарына бир күндүк айлык акыларын бөлүп берүүнү демилгелешти

 
Бүгүн, 22-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Жумабеков өз кесиптештерине Казакстанда жол кырсыгынан каза болгондордун жакындарына бир күндүк айлык акыларын бөлүп берүүнү сунуштады. Төрага Асылбек Жээнбеков бул сунушту колдоорун айтып, мындан тышкары Жогорку Кеңештин төрагасынын фондунан да акча каражаты бөлүнөрүн билдирди.
Айта кетсек, 19-апрелде эртең менен Казакстандын Моюнкум районунда кичи автобус жүк ташуучу автоунаа менен сүзүшүп, кырсыктан улам кыргыз жарандары каза табышты. Бул кырсыктын кесепетинен каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткандарга президент Алмазбек Атамбаев материалдык жардам катары социалдык коргоо жана колдоо фондунан 1 800 000 (бир миллион сегиз жүз миң) сом бөлүп берген.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: