super.kg logo

Казакстанда жол кырсыгынан каза тапкан дагы 1 адамдын сөөгү кыргыз жерине алынып келди

 

Казакстандын Жамбыл облусундагы жол кырсыгынын кесепетинен каза болгон Баткен облусунун тургуну, 1993-жылы туулган Рустамбек Дарбешовдун сөөгү кыргыз жерине алынып келди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Дарбешовдун сөөгү туугандары тарабынан кечээ, 21-апрелде саат 19:00дө “Ак-Жол” постунан өткөрүлгөн. Дарбешов оор жаракатынан 20-апрелден 21-апрелге караган түнү Караганды облусунун Приозёрск шаарындагы ооруканадан каза болгон. Анын сөөгүн жерге берүү зыйнаты бүгүн өтүүдө.

Ал эми жол кырсыгынан каза тапкан Оринбаев Аббас (2008-жылы туулган), Оринбаев Аброриддин (2006-жылы туулган), Оринбаева Хадичахон (2003-жылы туулган), Оринбаева Гавхарай(1981-жылы туулган) жана Оринбаева Мавжуданын (1953-жылы туулган) сөөктөрү 21-апрелде жерге берилгени кабарланды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: