Ошто эрежесиз эр уруш жана панкратион боюнча өлкө чемпиондугу өтөт

25-26-апрель күндөрү Ош шаарында эрежесиз эр уруш жана панкратион боюнча Кыргыз Республикасынын туңгуч чемпиондугу өтөт. Бул тууралуу аталган спорт түрлөрү боюнча федерациядан маалымдашты.
Маалыматка таянсак, таймаштар Акматбек Сүйүнбаев атындагы стадиондо орун алат. Мелдешке өлкөнүн бардык аймактарынан талапкерлер катышат. Иш-чара КРнын ММА жана Панкратион федерациясы тарабынан Ош шаардык мэриясынын, Ош шаардык спорт комитетинин жана “Мухаммед-Умар” спорттук клубунун колдоосу менен уюштурулууда. Анда 7 салмакта чемпиондор аныкталат (62 килограмм салмакта, 65 кг, 70 кг, 77 кг, 84 кг, 93 кг жана 93 килограммдан жогорку салмакта).
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
warsaw.

22.04.2015. 10:30
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оо жакшы идея экен,баш байге эмне экен же акчалай сыйлык?
AnarRazakovich

22.04.2015. 11:20
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кируу баасы канчадан экен? Тактап жазып коюнуздарчы, сураныч.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.