super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев мамлекеттик телеканалдардын таңкы берүүлөрү үчүн акча бөлдү

 
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязов 21-апрелде бир катар мамлекеттик телеканалдардын башчылары жана алардын таңкы берүүлөрүнүн продюсерлери менен жолугушуп, аларга президенттин атынан 600 миң сом тапшырды.  
Ниязов өлкө башчы тележурналисттердин ишин, өзгөчө таңкы берүүлөрдүн маанисин жогору баалаарын билдирди. 
"Бизде бийликти жана мамлекеттик органдардын ишин сындоого көптөгөн объективдүү себептер бар. Бизде кыйынчылыктар көп, бирок алардан арылуу үчүн жарандардын маанайы жакшы болушу керек. Ошондуктан силердин ишиңер баалуу, силер жана силердин таңкы телеберүүдөгү кызматкерлериңер позитивдүү маанай тартуулашат",- деп билдирди Ниязов.
Жолугушуунун соңунда президенттин кеңешчиси мамлекет башчынын атынан катышуучуларга жаңы чыгармачылык ийгиликтерди, өлкөбүздө ар бир таңдын бейпил жана кутмандуу болушун каалады.
Президенттик фонддон бөлүнгөн 600 миң сомдун эсебинен ар бир телеканалга 150 миң сомдон берилгени айтылды.   









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: