super.kg logo
  Саясат  

Каржы министринин милдеттерин убактылуу аткаруу Алмаз Бакетаевге жүктөлдү

 

Кыргыз Республикасынын Каржы министринин милдеттерин убактылуу аткаруу Алмаз Бакетаевге жүктөлдү. Тийиштүү буйрукка кечээ, 21-апрелде премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койгонун мекеменин басма сөз кызматынан 22-апрелде билдиришти. 

Буйрукка ылайык, Алмаз Бакетаев Каржы министрлигинин башчысынын милдеттерин жаңы министр белгиленген тартипте дайындалганга чейин аткармакчы. Бакетаев буга чейин каржы министринин орун басары – Борбордук казынанын директору болуп иштеген. 

Айта кетсек, мурдагы министр Ольга Лаврова 13-апрелде президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен кызматынан бошотулган эле. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: