super.kg logo
  Саясат  

Жеке менчик медициналык мекемеге бейтапка жакын тууганынын мүчөсүн трансплантациялоого уруксат берилүүдө

 

Жогорку Кеңештин 22-апрелдеги жыйынында "Адамдын органдарын жана (же) ткандарын трансплантациялоо жөнүндө" мыйзамга толуктоо киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору биринчи окууда каралууда.

Документке ылайык, жакын туугандардын органдарын жана (же) ткандарын алууну,

даярдоону жана трансплантациялоону жүзөгө ашырууга саламаттык сактоонун менчик мекемелеринде да уруксат берилет. 

Демилгечи депутат Игорь Гусаровдун айтымында, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун акыркы маалыматтарына ылайык, дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө бөйрөктү алмаштырууга суроо-талап өтө жогору. "2005-жылда 66 миң бөйрөк алмаштырылган, бул керектөөлөрдүн 10 пайызын гана канааттандырган. Ушул эле жылы боорду алмаштыруу боюнча 21 миң операция жана жүрөктү алмаштыруу боюнча 6 миң операция жасалган. Бөйрөк жана боор сыяктуу мындай транспланттардын саны өсүүдө. Бирок аларга болгон суроо-талап ошондой эле өсүүдө жана канааттандырылбаган бойдон калууда",- деди Гусаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: