super.kg logo
  Саясат  

Жалал-Абаддагы билим берүү кызматкерлери Жогорку Кеңештин депутаттарына көйгөйлөрүн айтышты

 

Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитети 21-апрелде Жалал-Абад облусунда көчмө жыйын өткөрдү. Жыйындын максаты - облустун билим берүүчү, маданий, диний, спорттук жана архивдик мекемелеринин абалын текшерүү. 

Жалал-Абад облусунун башчысы Жумагүл Эгембердиева социалдык жайлардын абалы тууралуу маалымат берип, Базар-Коргон, Сузак, Аксы райондорунун, Таш-Көмүр жана Кара-Көл шаарларынын активдери жергиликтүү элдин көйгөйлөрү тууралуу пикирлерин айтышты. Мектеп имараттарынын эскилиги, мугалимдер менен тарбиячылардын айлыгынын аздыгы негизги көйгөй экени белгиленди. Айылдардагы маданият үйлөрү техникалык кызматкерлерге абдан муктаж экени айтылды.

Диний кырдаалга токтолгон депутаттар укук коргоо органдары жакшы иштегенине карабай, соттор диний экстремисттерге жумшак өкүм чыгарып жатышканын билдиришти. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: